Баткенде климаттык өзгөрүүлөр боюнча долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
13 март

Баткенде климаттык өзгөрүүлөр боюнча долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

Баткен шаарында 12-мартта министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору тарабынан окутуу өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Климаттык каржылоо борборунун максаты – климаттын өзгөрүшү жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, инвестицияларды илгерилетүү болуп саналат.

Бугүнкү иш чара бул багытта, Баткен облусундагы мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун, жашыл экономика, климаттык туруктуулук жана энергиянын үнөмдүүлүгү боюнча артыкчылыктуу багыттарын жана мүмкүн болгон долбоордук демилгелерин тактоо максатын көздөдү.