Нарын ОИИБ
1 июнь
Соң-Көлдөн 1 миң метр мыйзамсыз синтетикалык тор табылды
Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүнүн жээгиндеги Ак-Талаа районунун Таш-Дөбө участогунан 3 даана капка салынган, жалпы узундугу 1 000 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу тор табылып, алынган. Бул тууралуу Нарын райондук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү жана көлдүн экосистемасын сактоо максатында Жумгал РИИБ тарабынан рейддик жана алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантылат.
Жумгал РИИБ жарандарды жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.
