Кыргызпатент Кореянын KIPO жана KIPA мекемелери менен жолугушуу өткөрдү
2025-жылдын 13-майында “IP-Sharing” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) өкүлдөрү менен Кореянын Интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун (КИПО) жана Кореянын Ойлоп табууларды жайылтуу Ассоциациясынын (KIPA) менен, «Табигый минерал глаукониттин негизинде саркынды сууларды оор металл иондорунан тазалоо үчүн экосорбент – туруктуу жашыл экономикага жол» долбоорун ишке ашырууну талкуулоо боюнча расмий жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар илим, экология, инновация жана интеллектуалдык менчик сыяктуу приоритеттүү багыттар боюнча узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Учурдагы биргелешкен долбоордун негизги максаттары төмөнкүлөр:
• оор металлдардан агынды сууларды тазалоо үчүн глаукониттин негизинде жаңы экосорбенттин технологиясын иштеп чыгуу;
• Сууну оор металл иондорунан тазалоонун натыйжалуулугун баалоо (Mn²⁺, Cu²⁺, Cd²⁺, Pb²⁺, Zn²⁺);
• Сууну тазалоонун инновациялык ыкмасын иштеп чыгуу жана коммерциялаштыруу;
• Кыргыз Республикасында туруктуу жашыл технологияларды киргизүүгө көмөктөшүү.
Жолугушуунун жүрүшүндө КИПОнун улук эксперт-консультанты Соомин Чжон айым жана улук кызматкери Хаен Ким айым Корея ойлоп табууларды жайылтуу ассоциациясынын (KIPA) ишмердүүлүгү менен тааныштырышты. Биргелешкен долбоорду ишке ашыруу планы менен патенттик ишенимдүү өкүл Джэхэн Ву тааныштырды. Мындан тышкары, тараптар долбоордун алкагында кызматташуу боюнча төрт тараптуу келишимди талкуулашты. Ошондой эле өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылып, аны тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктери белгиленди.
Маалымат үчүн:
IP-Sharing программасынын алкагында Кыргызпатент Кореянын Интеллектуалдык менчик бюросу (КИПО) жана Инновациялык агротехнологиялар борбору менен биргеликте Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) базасында “Энергияны үнөмдөөчү эко-теплица” инновациялык күнөсканасын түзүү долбоорун ишке ашырган.
Долбоор өнүгүүсүн улантууда, Кыргызпатент жана КИПО менен КИПАнын өнөктөштүгү чыңдалып, экология жана туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө инновациялык чечимдерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
