Жалал-Абадда канаттууларды мыйзамсыз кармаган жаран 10 миң сомго айыпка жыгылды
Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз канаттууларды кармоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган кызмат Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам иш-чара жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаран тарабынан канаттууларды мыйзамсыз кармоо жана сактоо эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталган эмес.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 161-беренесинин негизинде укук бузуучуга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жапайы жаратылыш объектилерине этият мамиле кылууга жана экологиялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.
