Чегирткелерге каршы 108 186 га аянтта химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү
27 август

Чегирткелерге каршы 108 186 га аянтта химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү

2025-жылы жаздын эрте келиши, кургакчылык жана майдагы аномалдуу ысык аба-ырайы зыяндуу чегирткелердин массалык чыгууларына алып келди. Республика боюнча 154 493 га аянтта чегирткелердин очоктору аныкталып, анын ичинен 108 186 га аянтта химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.

  • Жалал-Абад облусу – 33 010 га
  • Ош облусу – 21 400 га
  • Баткен облусу – 24 030 га (3 410 га жеңил авиация менен)
  • Чүй облусу – 10 416 га
  • Талас облусу – 3 430 га
  • Нарын облусу – 15 900 га

Зыянсыздандыруу иштери Департаменттин атайын техникасы жана “Шумкар” ААКнын жеңил авиациясы менен жүргүзүлдү.

Кыргызстан менен Өзбекстан, ошондой эле Казакстан менен чектеш аймактарда трансчегаралык мониторинг жүргүзүлүп, зыяндуу чегирткелердин республикага кирүү коркунучу жок экени аныкталды.

2025-жылдын июнь айында Департамент БУУнун ФАО программасынын алкагында Франциянын «Новакрид» биопестицидинин колдонуу демонстрациясын өткөрдү. Практикалык сыноолор Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жүргүзүлүп, препарат жакшы натыйжа көрсөттү. Бул чаралар химиялык күрөшкө болгон көз карандылыкты азайтууга жана айлана-чөйрөнү сактоого багытталган.

Департамент «Elephant Vert» компаниясынын өкүлү менен видеоконференция өткөрүп, «Новакрид» биопестицидине талаа сыноолорун жана каттоону талкуулады.