Ак-Буура дарыясында заманбап гидрологиялык станция ишке кирди
КР ӨКМ
20 май

Ак-Буура дарыясында заманбап гидрологиялык станция ишке кирди

Ош облусунун Озгур айылында 19-майда Ак-Буура дарыясынын гидрологиялык абалын көзөмөлдөөчү заманбап автоматташтырылган станциянын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ӨКМден кабарлашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Жаңы станция сел, суу ташкыны жана башка табигый коркунучтарды алдын ала аныктап, дарыянын деңгээли тууралуу маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берип турат.

Бул өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, ыкчам чара көрүүгө жана калктын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.