Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда 800 метр мыйзамсыз тор алынды
Бүгүн, 26-августта, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматы браконьерликке каршы рейд учурунда Чоң-Өрүктү жана Орто-Өрүктү айылдарынын ортосундагы көл акваториясынан мыйзамсыз орнотулган торлорду аныктап, жалпы узундугу 800 метрди түзгөн торлорду алып чыкты.
Рейд учурунда эскилиги жеткен, чирип бара жаткан жана көл түбүнө чөгүп калган торлор да табылып, атайын оордоткучтары (якорьлору) суу алдынан чыгарылды.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы жарандарды экологияны жана көлдүн биологиялык ресурстарын коргоого чакырып, мыйзам бузуу фактыларын ыкчам түрдө милицияга билдирүүнү эскертет.
