Чуңкурчак көзөмөлдө: экологиялык эрежелерди бузгандар жоопко тартылды
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы тарабынан буйруктун негизинде Чуңкурчак жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Текшерүү учурунда аймакта таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды туура эмес агызуу фактылары аныкталды. Бул көрүнүштөр жаратылышка зыян келтирип, жайлоонун экологиялык абалын начар абалга алып келүүдө.
Аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 236-1 жана 115-беренелерине ылайык чара көрүлүп, жалпы 15 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Белгилей кетсек, майрам күндөрүнө карабастан өлкө боюнча ушундай багыттагы профилактикалык жана көзөмөл иштери үзгүлтүксүз улантылууда. Мындай рейддер экологиялык тартипти сактоо жана жаратылышты коргоо максатында өткөрүлүп келет.
