Бишкекте чоң бак өстүрүүчү жай пайда болот
21 апрель

Бишкекте чоң бак өстүрүүчү жай пайда болот

Шаар мэри Айбек Жунушалиев Циндао (КЭР) шаарынан келген кытайлык инвесторлор менен биргеликте питомник куруу процесси жүрүп жаткан жерге барды.

1 айдын ичинде эксперименталдык түрдө 5 гектардан ашык аянтка 12 миң 300 бийик дарак көчөттөрү, 9 миң бадал отургузулду.

Отургузулган дарак жана бадал көчөттөрүнүн негизги түрлөрү:
- Жалбырактуу клен
- Кытай акациясы
- Жазы жалбырактуу дарактар
- Липа
- Ак мом
- Бегония
- Пномпень тереги
- Чоң жалбырактуу терек
- Кызыл нана
- Хоккайдо тереги
- Бук
- Луан жана башкалар.

Питомник жалпы аянты 100 гектарга жакын аянтка пландаштырылган.

Бул долбоор борбор калаада бир катар артыкчылыктарга ээ болгон бийик жана көп жылдык  бак-дарактарды  отургузуу максатында ишке ашырылууда.

Шаар башчысы «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасына тыгыз кызматташтыкта иштеп, чет элдик адистердин тажрыйбасын өздөштүрүү тапшырмасын берди.