Мамлекеттин акчасы асманга сапырылууда: депутат таза суу боюнча долбоорлор сапатсыз ишке ашканын айтты
23 июнь

Мамлекеттин акчасы асманга сапырылууда: депутат таза суу боюнча долбоорлор сапатсыз ишке ашканын айтты

Нарын районундагы бир катар айылдарга эки жыл мурда таза суу чыгарылган, бирок учурда  шор даамданууда. Бул тууралуу депутат Улан Бакасов эл аралык иштер, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

“Нарын районундагы айылдарга 2024-жылы таза суу жеткирилген. Бирок азыр суу шор даамданып жатат. Аны билесиздерби? Буга жоопкерчиликти ким алат? Бир караганда ооба, иш аткарылды, суу жеткирилди, бирок сапатсыз жасалды”, – деди депутат. 

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Зарылбек Каратаев жоопкерчилик аткаруучуда экенин билдирди. 

Бирок депутат белгилегендей, аткаруучу – АРИС, бирок алардын кепилдик мөөнөтү бир жыл. А бир жыл өтүп кетти, мындан аркы көйгөйлөргө аталган уюм жооп бербейт. 

“Эмнеге кепилдик мөөнөтү бир гана жыл? Эмнеге 5 жыл дебейсиңер? Мамлекеттин акчасы асманга сапырылып жатат, иш сапатсыз аткарылган. Бир гана Нарында эмес Кыргызстандын бардык аймагында мындай чала жан болуп калган толтура долбоорлор бар. Алынган кредиттер талаага кетти”, – деди депутат. 

Каратаев Нарын районундагы суусу шор даамданып калган айылдарда кошумча жабдыктар орнотулаарын жана бул иш көзөмөлгө алынганын билдирүү менен чектелди.