Чоң-Алай районундагы туристтик лагерлерде текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү
14 август

Чоң-Алай районундагы туристтик лагерлерде текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү

2025-жылдын 24–25-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын
Ош облусутук башкармалыгы тарабынан Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Таш участкасында жайгашкан 7 туристтик лагерине пландык текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын инспекторлору Т.Н. Нурпазылов, М.Т. Молдошов жана Б. Кеңешбай уулу иштин жыйынтыгында ар бир объект боюнча текшерүү актылары түзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертмелер тапшырылды. Кемчиликтерди жоюу үчүн белгиленген мөөнөт көрсөтүлүп, айрым субъекттерге Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 277-беренесинин 1-пунктуна ылайык айып пулдар салынды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы:
1. “Аксай Трэвел” – техникалык шарт жана долбоордук талаптарга дал келбеген учурдагы линия, ошондой эле башка объектке уруксатсыз туташуу фактысы аныкталды. 13 000 сом айып салынды. Эскертме берилди.
2. “Ачыкташ-Нур” ЖЧК – Энергетикалык көзөмөл кызматынын уруксаты жок өз алдынча электрге туташуу фактысы аныкталды. 13 000 сом айып салынды.
3. “Горы Азии” – техникалык жана долбоордук талаптарга дал келбестик, уруксаты жок өз алдынча электрге туташуу фактысы аныкталды. 13 000 сом айып салынды. Эскертме берилди.
4. “Памир Экспедиши” ЖЧК – электр энергиясына байланыштуу иш кагаздары жок, жооптуу кызматкер дайындалган эмес. Эскертме берилди.
5. “Скай Памир” – электр энергиясына тиешелүү иш кагаздары толук эмес, эсептегич мыйзамдаштырылган эмес. Эскертме берилди.
6. Жеке ишкер Заирова А.К. – электр энергиясына тиешелүү иш кагаздары толук эмес, эсептегич мыйзамдаштырылган эмес. Эскертме берилди.

Белгиленген мөөнөттө кемчиликтер жоюлбаса, мыйзам чегинде кошумча чаралар көрүлөрү маалымдалды.