Караколдо полиэтилен пакеттерине каршы рейд өттү
Каракол шаарында 8-апрелде дүкөндөр жана супермаркеттер текшерилип, полиэтилен пакеттерин колдонууга жана сатууга каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Бул рейд Президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо жөнүндө” Жарлыгынын негизинде өткөрүлдү. 2023-жылдын 1-январынан тарта полиэтилен пакеттерине тыюу салынган
2025-жылдын 1-мартынан тарта мыйзам бузгандарга айып пул каралган:
- жарандарга – 3 000 сом
- юридикалык жактарга – 10 000 сом
"Азырынча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бирок жакында айыптар салына баштайт. Облус боюнча 500дөн ашык эскертүү таратылды", - деп айтылат маалыматта.
