Бишкек: курулуш иштеринен улам бузулган лотокту калыбына келтирүү милдеттендирилди
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жарандардан түшкөн видео кайрылуунун негизинде Бишкек шаарындагы курулуш объектиси боюнча текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрдү.
Тактап айтканда, Шота Руставели жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан объектидеги курулуш иштеринен улам ошол жердеги арыкка залал келтирилип (лоток) , суу өткөрүүчү канал аркылуу суунун агымы токтоп, аймактын жашоочуларына ыңгайсыздык жаралган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Сухомлинов көчөсү 29 дарегинде курулуп жаткан 22 кабаттуу турак жайдын пайдубалы үчүн жер казуу иштеринин жүрүшүндө лоток алынып салынганы аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Квентин” ЖЧКсынын өкүлдөрүнө курулуш мыйзамдарынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, курулуш компаниясы “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы менен биргеликте суунун агымын убактылуу жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Ошондой эле Департамент тарабынан курулуш компаниясына 5 күндүн ичинде суунун үзгүлтүксүз агышын толук камсыз кылуу, арыкты (лотокту) мурдагы абалына келтирүү жана аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
