Кыргызстан боюнча 3,5 миллиондон ашуун көчөт тигилди
5 июнь

Кыргызстан боюнча 3,5 миллиондон ашуун көчөт тигилди

Кыргызстандын бардык аймактарында, айрыкча тоолуу райондордо 3 миллион 515 миңден ашуун көчөт тигилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев экологдордун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. 

Анын айтымына караганда, көчөттөр “Жашыл мурас” улуттук программасынын алкагында отургузулуп, жалпы 19 миң гектардан ашык аянтты камтыды.

Министр Кыргызстан тоолуу региондордун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо жана бул маселелерди эл аралык күн тартибине чыгарууда активдүү позицияны ээлеп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын аягында кызматкерлерге табиятты коргоо тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн кызматкерлерге Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана министрликтин төш белгилери тапшырылды.