Комитет жыйынында Токой кодексинин аткарылышы тууралуу маалымат берилди
18 май

Комитет жыйынында Токой кодексинин аткарылышы тууралуу маалымат берилди

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

Маалымат менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын директору Нургазы Чодоев тааныштырып, Токой кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жана алардын аткарылышы тууралуу кеңири кеп кылды.

Талкуу маалында депутат Айбек Алтынбеков токойлорду коргоону күчөтүү максатында өз алдынча Токой агенттигин түзүүнү сунуштады. Депутат Алишер Козуев жашылдандыруу демилгесинин алкагында отургузулуп жаткан көчөттөр тууралуу кеп кылып, алардын жашап кетишине мониторинг жүргүзүү зарылдыгын билдирди. Депутат Махабат Мавлянова Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркындагы өнүгүүлөргө токтолуп, өлкөдөгү башка кооз аймактарга да заманбап шарттарды түзүп, туристтерди тартууга жана анын негизинде киреше булагын көбөйтүүгө чакырды. Депутат Нилуфар Алимжанова токой чарбаларындагы кадр жана каржылоо маселелерине көңүл бурду.

Талкуунун жыйынтыгында маалымат жактырылып, айтылган сунуштар эске алынды.