Элдар Абакиров таштандыларды жер семирткичке айландырса болоорун айтты
17 сентябрь

Элдар Абакиров таштандыларды жер семирткичке айландырса болоорун айтты

Депутат Элдар Абакиров Жогорку Кеңештин жыйынында таштанды маселесине токтолду. Айтымында, ага Кант районундагы Рассвет айылынын тургундары кайрылышкан, ал жакта полигон өрттөнүп, айылды кара түтүн каптаган. 

“Кытайда өрттөп, сорттогонго таштанды жетпей калыптыр. А бизде өрттөнүп жатат. Токмоктун Искра айылында да таштанды полигону өрттөнүп, мэр эксватор алып барып, араң өчүрүштү. Ошондуктан, ар бир айыл, райондорго сунуш-тапшырма берели, таштанды сорттоочу ишканаларды курушсун. Бишкекте да чоң таштанды сорттоочу завод курулуп жатат, күйүүчү таштандыларды ал жакка ташып келип, калганын бактерия менен жер семирткичтерге айландырып, жеринде колдонолу”, – деди президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып. 

Ошондой эле, депутат айыл жергесинде таза суу тарттырып келип, кир жуугуч машина, ванна, даараткана орнотуп жатышканын, бирок бул дагы бир маселени – саркынды суу көйгөйүн жаратып жатканын кошумчалады. 

“Ар бир үй жанына септик жасап алып, экологияны бузушууда. Ошондуктан, таза суу өткөрүп жатканда канализацияны куруп кетсек. Бул чоңураак чыгым болот, бирок тазалыкты сактайт. Айылдарга барсаң ар кайсы жерден септиктер көрүнөт, чоң маселеге айланып кетелекте алдын алалы”, – деди депутат.