Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддер уланууда
12 май

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддер уланууда

Ысык-Көл облусунда жаратылыш ресурстарын коргоо жана экологиялык мыйзамдарды сактоо максатында Ысык-Көл ОИИБдин Туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз улантылууда.

Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөтү айыл аймагында көл жээгинде мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан 23 даана “Чебак” балыгын кармоо учурунда браконьерлер кармалып, Факт Ысык-Көл РИИБдин МЭЖне катталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул мыйзам бузуу учурлары “Жаратылышты коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келет жана экологияга зыян келтирүүчү фактор катары бааланат. Балык уулоонун белгиленген эрежелерин бузуу — биологиялык ресурстардын тең салмактуулугун бузуп, Ысык-Көлдүн экосистемасына коркунуч жаратат.

Туристтик-экологиялык милиция кызматы жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, мыйзамдарды сактоого жана ар бир жаран экологиялык жоопкерчиликти сезиши керектигин эскертет.