Тармактык комитетте “Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду
2 февраль

Тармактык комитетте “Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду

Бүгүн, 2-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин жыйынында “Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 3-майындагы №1147-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду. 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев белгилегендей, учурда борбор калаадагы абанын булганышына жеке сектордогу көмүр жагуу (40%), эски унаалардан чыккан газдар (30%), жылуулук электр борбору (15%), шамал менен келген чаңдар (13,5%) жана өнөр жай ишканалары (1,5%) сыяктуу факторлор терс таасирин тийгизүүдө. 

“Буга байланыштуу аталган токтомдун негизинде түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия тийиштүү иштерди алып барып жатат. Маселен 2025-жылга карата Бишкек шаарында 54 калктуу конуш газдаштырылып, 51 миңден ашык абонент газга кошулду. Бул орточо көмүр керектөөсүн 100 миң тоннага азайтты. Ошондой эле Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы өрт өчүрүлүп, катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүргөн завод ишке кирди. Экологиялык жактан таза транспорт түрлөрүн көбөйтүү, шаарды жашылдандыруу жаатында да жумуштар аткарылууда”, – деди Медер Машиев. 

Талкуу маалында депутат Нилуфар Алимжанова ведомстволор аралык комиссиянын аткарган иштери ышты азайтууга канчалык таасир берип жатканына кызыкты. Депутат Эркеайым Сейтказиева аймактардагы таштанды полигондорун уюштуруу ишин көзөмөлгө алып, бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгууга чакырды. Эл өкүлү ошондой эле Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнө караштуу Гагарин айылына таштанды иргөөчү ишкана куруу зарылдыгын билдирди. 

Депутат Азизбек Турсунбаев борбор калаадагы башаламан курулуштар менен бак-дарактардын азайып кетиши экологияга чоң коркунуч жаратып жатканын айтып, сынга алды. Калаа мэри Айбек Жунушалиев өткөн жылы Бишкек шаарында 18 миң түп бак отургузулганын, 2026-жылы 50 миң түп дарак тигүү мерчемделип жатканын билдирди.

Депутат Алишер Козуев газга кошулуу үчүн берилүүчү насыялардын шарттарын жеңилдетүүнү сунуштап, ыш менен күрөшүү чараларын түштүк аймакта да ишке ашырууга чакырды. Депутат Умбеталы Кыдыралиев эл аралык уюмдардан алынган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу керектигин белгилеп, толук газдаштыруу аяктаганга чейин альтернативдүү долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын кошумчалады. 

Газга кошулбай жаткан жарандар үчүн шыктандыруучу механизмдерди иштеп чыгуу керектигин айткан депутат Махабат Мавлянова ыш менен күрөшүүнүн альтернативдүү жолдору катары күн панелдерин, жылуулук насосторун орнотууну, жергиликтүү ишкерлер жасаган түтүн чыгарбоочу мештерди сертификациялап, өндүрүштүк деңгээлде жайылтууну сунуштады. Депутат Табылды Муратбеков дагы кыргызстандык инженер Амантур Салымбаев жасап чыккан көмүрдүн түтүнүн тазалоочу фильтр колдонууда кандай таасир бергенине кызыкты. 

Ал эми комитет төрагасы Бакыт Тентишев экологияны коргоо боюнча коомчулукта түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүшү керектигин айтып, катализатору жок унаа ээлери тууралуу маселе көтөрдү. Эл өкүлү муну менен катар Ысык-Ата районундагы айрым конуштарды газдаштыруу зарылдыгын да ортого салды.