Римде Кыргызстандын экологиялык демилгелери көрсөтүлдү
13 декабрь

Римде Кыргызстандын экологиялык демилгелери көрсөтүлдү

2024-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчиси жана ФАОдогу Туруктуу Өкүлү Таалай Базарбаев Рим шаарындагы ФАОнун башкы кеңсесинде өткөн Эл аралык тоолор күнүнө арналган иш-чарага катышты.

Кыргызстандын Туруктуу Өкүлү Таалай Базарбаев өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө тоо экосистемаларынын маанилүүлүгүн жана Кыргызстандын улуттук жана эл аралык деңгээлдеги демилгелерин белгиледи.  Кыргызстандын негизги демилгелери катары 2023-2027-жылдарга эсептелген “Тоо беш жылдыгы” программасын белгиледи, бул программа тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган. Программа Улуттук Жол картасын жана Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы кеңсесинде тааныштырылган Глобалдык аракеттер планын камтыйт. Башка демилгелердин катарында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана тоо экосистемаларын коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн БУУнун Трасттык фондун түзүү, ошондой эле климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Андорра менен биргеликте Тоо өнөктөштүгүнүн сүйлөшүү тобун түзүү белгиленди.

Элчи глобалдык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстандын Азербайжан жана Монголия менен биргеликте уюштурган “Жогорку деңгээлдеги диалог” тууралуу айтып өттү жана катышуучуларды 2027-жылы Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо Саммитине чакырды.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Рим шаарындагы Элчилигинде кыргыз диаспорасы жана студенттер менен жолугушуу болуп өттү. Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын тоо күн тартибинин алкагындагы демилгелери тууралуу маалымат берилди жана тоо экосистемаларын сактоонун, ошондой эле тоолуу аймактардагы калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугунун маанилүүлүгү боюнча видеоролик көрсөтүлдү.

Жогорудагы иш-чаралар Кыргызстанды эл аралык тоо күн тартибинде лидер экенин жана тоо экосистемаларын сактоо үчүн глобалдык аракеттердин зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.