Жашыл шаарга карай кадам: Быйыл Ошто 20 миңден ашуун көчөт отургузулат
25 февраль

Жашыл шаарга карай кадам: Быйыл Ошто 20 миңден ашуун көчөт отургузулат

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов 25-февралда Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу И. Раззаков көчөсүндө уюштурулган көчөт отургузуу саамалыгына катышты.

Отургузулган көчөттөр Ош шаарындагы жашылдандыруу чарба комбинатынын күнөсканасында өстүрүлүп, алдын ала чоңойтулган эмен жана каштан көчөттөрү тандалып алынды.

Белгилей кетсек, Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү шаар мэринин негизги приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Калаа башчысы быйыл көчөт отургузуу жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл буруларын белгилеп келет.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы Ош шаарына 20 миңден ашуун көчөт отургузуу пландалууда.