Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры жаңы 36-сезонун ачты 
28 сентябрь

Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры жаңы 36-сезонун ачты 

Бишкекте 27-сентябрда Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын имаратынын жана жаңы 36-сезонунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басмам сөз кызматынан кабарлашты. 

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков ошондой эле коомдук жана маданий ишмерлер катышты.

1989-жылы негизделген театр 36 жыл ичинде 80ден ашуун спектакль сахналаштырып, кыргыз жана чет элдик драматургдардын чыгармалары аркылуу жаш муундардын руханий дүйнөсүн байытып келет. 2005-жылы театрга СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын ысымы ыйгарылган.

2024-жылы театр бул имаратты өз карамагына алган. Өлкө жетекчилигинин колдоосу менен 2024–2025-жылдары мамлекеттик «Көөнө тарых сырлары» программасынын алкагында 79 млн 143 миң 300 сомго ремонттук-реставрациялык иштер жүргүзүлүп, имарат заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалды.

Жаңы сезон “Арабаев – Жети күн” спектакли менен ачылып, 1–2-октябрда “Ханышанын көз жашы”, 3–4-октябрда “Маугли” жомогунун премьералары көрсөтүлөт.

Жаш көрүүчүлөр театры мындан ары да жаштарды тарбиялоодо жана улуттук маданиятты жайылтууда өз миссиясын улантууга даяр.