Кыргызстандык жаш артисттер "Балтийский дом" фестивалына катышат
9 октябрь

Кыргызстандык жаш артисттер "Балтийский дом" фестивалына катышат

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын алдындагы театр мектеби-студиясы бүгүн, 9-октябрда Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, алар 2025-жылдын 5-18-октябрында өтө турган XXXV Эл аралык "Балтийский дом" театр фестивалына катышат.

Быйылкы фестиваль «Күч кубат орду» деген ураан алдында өтүп, Бахрейн, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Индия жана Россиянын улуттук республикаларынан келген театр коллективдеринин спектаклдерин бириктирет.

Кыргызстанды бул фестивалда театр мектеби-студиянын жаш артисттери Д. Липскеровдун чыгармасынын негизинде "Река на асфальте" жана К. Сергиенконун "Овраг" повестинин негизинде, "До свидания, овраг" спектаклин тартуулашат.

Студиянын көркөм жетекчиси — Владимир Александрович Виттих,

Студиянын директору — Сергей Владимирович Бардаков.

«Балтийский дом» фестивалы Европадагы эң ири театр аянтчаларынын бири болуп саналат жана жыл сайын дүйнөнүн мыкты чыгармачыл жамааттарын чогултат.

Кыргызстандык театр мектеби-студиянын катышуусу — бул өлкөбүздөгү театр өнөрүнүн жогорку деңгээлин жана жаш артисттердин кесипкөйлүк даярдыгын тастыктаган маанилүү окуя.

Кыргызстандык театр мектеби-студиясынын катышуусу — бул өлкөбүздөгү театр өнөрүнүн жогорку деңгээлин жана жаш артисттердин кесипкөйлүк даярдыгын тастыктаган маанилүү окуя.