"Бейиш эненин таманында" тасмасынын уландысы чыгат
Режиссер Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасынын уландысы тартылып жатат. Бул тууралуу режиссёр өзү социалдык тармакта билдирди.
"Жубайым экөөбүз кино көрөлү деп 2024-жылдын эң мыкты тасмасы деп жазсак "Кинопоиск" чыкты. Анын рейтингинде дүйнө жүзү боюнча 20 эң алдыңкы тасмалар деп издесек "Бейиш эненин таманында" тасмасы биринчи орунда турат экен. Кыргыз тасмасы алдыга озуп чыкканы биз үчүн чоң сыймык, чоң сүйүнүч", - деди ал.
Режиссер аталган тасманын уландысы учурда тартылып жаткандыгын айтып, ал «Бейиш: Энеге кат» деп аталарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, “Бейиш эненин таманында” кыргыз тасмасынын бет ачары 2024-жылдын мартында болгон.
