Бишкекте кыргыз жана жапон элдеринин маданий достугун чагылдырган концерт өттү
27 сентябрь

Бишкекте кыргыз жана жапон элдеринин маданий достугун чагылдырган концерт өттү

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 26-сентябрда кыргыз эстрада ырчысы Гүлүм Касымбаева жана белгилүү жапон композитору, ырчысы Асано Юкинин чыгармачылык кызматташтыгынын алкагында «Кыргыз-Жапон кайрыктары» аттуу концерт ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Бул маданий кечеде кыргыз жана жапон обондору айкалышып, көрүүчүлөргө унутулгус чыгармачылык атмосфера тартууланды.

Концерт кыргыз жана жапон элдеринин маданий достугунун символу катары чоң кызыгуу жаратты.

Иш-чарада КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Года Хидэки сөз сүйлөп, бул чыгармачылык кызматташтык кыргыз жана жапон маданиятын жакындаштырууда маанилүү экенин белгилешти.