Бишкекте "Кыргыз тили жана Айтматов ааламы" көргөзмөсү ачылды
Бишкектеги М.В. Фрунзе мемориалдык үй-музейинде бүгүн, 15-октябрда "Кыргыз тили жана Айтматов ааламы" аталышында көргөзмө ачылды. Бул тууралуу аталган музейден кабарлашты.
Иш-чара Инновациялык борбору мамлекеттик мекемеси менен биргеликте уюштурулган.
Белгилей кетсек, “Кыргыз СССрнин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРнин мамлекеттик тил" макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Кыргыз тили мамлекеттик деңгээлде өлкөбүздө белгиленет.
КРнын мамлекеттик тили жөнүндө КРын Конституциялык мыйзамына ылайык жана КРын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссия тарабынан жарыяланган мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында жана Маданият министрлигинин тапшырмасы менен "Кыргыз тили жана Айтматов ааламы" аттуу иш-чара белгиленген.