Кыргызстанда музыкалык чыгармаларды каттоо үчүн онлайн-архив ишке кирди
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
14 октябрь

Кыргызстанда музыкалык чыгармаларды каттоо үчүн онлайн-архив ишке кирди

Кыргызстанда авторлор жана аткаруучулар музыкалык чыгармаларын онлайн каттай ала турган Music World электрондук архиви иштелип чыкты.Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин автордук сый акыларды каттоо жана бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Жекшенбекова «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, колдонуучулар электрондук почта аркылуу каттоодон өткөндөн кийин аудиофайлдарды жана чыгармалардын тексттерин өз алдынча жүктөй алышат.

Маалыматтарды толтурууда тексттин авторун, композиторду жана аткаруучуну, ошондой эле колдонулган болсо, чыгармачыл псевдонимдерди туура көрсөтүү зарыл.

Система аркылуу жаңы чыгармаларды да, мурда жаралган музыкалык чыгармаларды да каттоого болот.