Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет
Кыргызстанда Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленет, деп билдирет Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 23-августта маданият министри Мирбек Мамбеталиев Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чыңгыз Бапаев менен бирге сентябрь айында Алай районунун А. Мамытов атындагы стадионунда салтанаттуу түрдө белгилене турган Кокон хандыгынын саясий жана мамлекеттик ишмери, тарыхый инсан Алымбек Датканын 225 жылдыгына карата даярдык көрүү боюнча жеринде сүйлөшүү жүргүздү.
Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 482-т тескемесине ылайык Алымбек датанын 225 жылдыгы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.
Алымбек датка – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал алайлык кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. Алымбек 1831 ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.
Отуз эки жашында Анжиян вилайетинин беги болуп дайындалып, Ош ордосунда таасирдүү рол ойногон.
1842-жылы Шераалыны хандыкка көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845-жылдагы ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген.
Хандыктагы саясий жана мамлекеттин 30 жылдык (1831–1862) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. 1862-жылы 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга (заговорго) катышкан. Тактыга Шераалы хандын он эки жаштагы жээни Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес.
Алымбек датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган, өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүүгө далалаттанган.
