Токтогул райондук маданият үйү оңдолот, ал үчүн 11 млн сом бөлүндү
4 сентябрь

Токтогул райондук маданият үйү оңдолот, ал үчүн 11 млн сом бөлүндү

Токтогул райондук маданият үйүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан оңдоо иштерине  11 миллион сом бөлүндү.

Бул каражатка жылытуу системасы орнотулду, электр жабдыктары жаңыланды жана маданият үйүндө толук капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле, балдар музыкалык мектебине “Шамшыкал” редакциясынын имараты берилип, ал жакта дагы 1 миллион 700 миң акча каражаты бөлүнүп, ремонт иштери жүрүүдө.