Баткенде Ооган согушунун ардагерлери эскерилди
13 февраль

Баткенде Ооган согушунун ардагерлери эскерилди

Баткен шаарындагы Жеңиш паркында Ооган согушунун бүткөндүгүнүн 37 жылдыгынын урматында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Иш-чарага Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, аскер комиссариатынын өкүлдөрү жана согуштун ардагерлери катышты.

Азем учурунда эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, Ооган согушунда курман болгон жоокерлерди эскерүү үчүн асманга ок атылып, маркумдардын арбактарына багыштап куран окулду.

\Эске салсак, Баткен шаарынан Ооган согушуна 19 эр азамат катышкан, бүгүнкү күндө алардын ичинен 15 согуш ардагери биздин катарда.