Бишкекте Борбор Азиянын X эл аралык юбилейлик бий олимпиадасы салтанаттуу түрдө ачылды
15 июнь

Бишкекте Борбор Азиянын X эл аралык юбилейлик бий олимпиадасы салтанаттуу түрдө ачылды

14-июнда Бишкек шаарындагы “Газпром-балдарга” дене тарбия – ден соолукту чындоо комплексинде Борбор Азиянын X эл аралык юбилейлик бий олимпиадасынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Олимпиада катышуучулардын парады менен башталды.

Аталган маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп жатат. Иш-чарага 12 мамлекеттен 3 000ден ашык катышуучу чогулду. Алар өз өнөрлөрүн улуттук бийлерден тартып заманбап, спорттук жана шоу-багытындагы бийлерге чейин түрдүү жанрларда көрсөтөт.

Олимпиаданын негизги максаты – Борбор Азия элдеринин маданий алакаларын чыңдоо, бий өнөрүн өнүктүрүү жана жаш таланттарды колдоо.