Кыргызстан менен Тажикстан кино тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт. Меморандум түзүлдү
Душанбе шаарында 19-октябрда Кыргызстандын «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы менен Тажикстандын «Точикфилм» мекемеси ортосунда кинематография тармагында кызматташуу тууралуу Меморандум түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрлигинен кабарлашты.
Анын максаты – эки өлкө ортосунда биргелешкен фильмдерди тартуу, тажрыйба алмашуу жана маданий байланышты чыңдоо.
Бул иш-чара «Тоджи Сомон» эл аралык кинофестивалынын алкагында өтүп жаткан Кыргыз кино күндөрү менен уланууда.
Программада белгилүү режиссёрлордун чыгармалары көрсөтүлөт:
• Актан Арым Кубаттын “Эсимде” фильми – адамдын ички дүйнөсүн жана руханий баалуулуктарды чагылдырган драма;
• Артыкпай Суюндуковдун “Шамбала” фильми – жаратылыш менен адамдын биримдигин көркөм чагылдырган чыгарма.
Кыргыз кино күндөрү эки элдин маданий жакындыгын бекемдеп, кыргыз киносун эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзүүдө.
Мындан тышкары, Таалайбек Кулмендеевдин “Үй сатылат” көркөм фильми фестивалдын сынагында “Социалдык маселелерди терең чагылдырганы үчүн” атайын диплом менен сыйланды.
