Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн «ОЙМО 2026» фестивалы өтүүдө
Бишкек мэриясы
28 май

Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн «ОЙМО 2026» фестивалы өтүүдө

Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында юбилейлик XX Эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк «ОЙМО 2026» фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, быйыл фестиваль «Дүйнөлүк маданий мурас: салттар, кол өнөрчүлүк, мурастуулук» деген теманын алдында өтүүдө.

Фестиваль 27-майдан 31-майга чейин өтөт. Юбилейлик программанын алкагында Кыргызстан, Борбор Азия өлкөлөрү жана башка мамлекеттерден келген 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү индустрия өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Фестивалдын конокторун эл аралык кол өнөрчүлөр жарманкеси, fashion-көрсөтүүлөр, кино көрсөтүүлөр, шырдак, ала кийиз, курак жасоо, токуу, сайма, керамика жана кийиз басуу боюнча мастер-класстар күтөт.

Мындан тышкары, келгендер улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча кулинардык мастер-класстарга жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо жана кол өнөрчүлүк салттарынын улануусу боюнча коомдук талкууларга катыша алышат.