Кыргызстан менен Корея маданият тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт
Маданият министрлиги
17 август

Кыргызстан менен Корея маданият тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде 17-августта Сеул искусство жана маданият фондунун (Seoul Foundation for Arts and Culture, SFAC) өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушууга КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана Сеул искусство жана маданият фондунун башкы директору Сон Хён Чжон (송형종) катышты.

Тараптар Кыргызстан менен Кореянын маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Буга чейин биргелешип ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктарына токтолуп, топтолгон тажрыйба, учурдагы долбоорлордун жүрүшү жана алдыдагы иш-чаралар боюнча пикир алышты.

Ошондой эле жаңы чыгармачыл демилгелерди колдоо, заманбап театр искусствосун өнүктүрүү, чыгармачыл топтордун өз ара алмашуусун кеңейтүү, тажрыйба бөлүшүү жана биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган «Театр алдыга умтулат» аттуу атайын театралдык программанын мааниси белгиленди. Аталган программа эл аралык маданий алмашуунун алкагында Сеул искусство жана маданият фонду менен жүргүзүлүп жаткан кызматташтыктын маанилүү долбоорлорунун бири болуп саналат.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары чыңдоого, башталган долбоорлорду улантууга жана жаңы чыгармачыл демилгелерди жүзөгө ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.