"Манас" улуттук академиясы менен "Россия элдеринин эпостору" долбоору кызматташат
Москва шаарында кыргыз жана орус элдеринин руханий мурастарын изилдөө жана жайылтуу багытында "Манас" улуттук академиясы менен "Россия элдеринин эпостору" долбоорунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Академиядан кабарлашкандай, документке "Манас" улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы жана "Россия элдеринин эпостору" долбоорунун жетекчиси Дмитрий Соколов кол коюшту.
Меморандумдун негизги максаты, эпикалык мурастарды изилдөө, сактоо жана келечек муундарга жеткирүү боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, илимий жана маданий байланыштарды чыңдоо, ошондой эле элдердин оозеки чыгармачылык мурастарын кеңири жайылтуу болуп саналат.
Тараптар биргелешкен илимий конференцияларды, тегерек столдорду, чыгармачылык жолугушууларды жана маданий иш-чараларды өткөрүү, эпосторду изилдөө боюнча тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелеринде кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Кол коюлган меморандум улуттук баалуулуктарды даңазалоого, эпикалык мурастарды эл аралык деңгээлде таанытууга жана бул багыттагы келечектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
