«Музыка – чексиз дүйнө» аттуу республикалык деаданын ачылышы болду
2026-жылдын 23-февралында М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайы тарабынан «Музыка – чексиз дүйнө» аталышындагы республикалык декаданын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Аталган иш-чара 23-февралдан 5-мартка чейин уланып, окуу жайдын бардык бөлүмдөрүн камтыйт.
Декаданын негизги максаты – окутуучулардын усулдук чеберчилигин өркүндөтүү, студенттердин аткаруучулук деңгээлин жогорулатуу жана чыгармачылык кызматташууну кеңейтүү. Бул багытта атайын түзүлгөн программа концерттерди, мастер-класстарды, ачык сабактарды, усулдук семинарларды жана чыгармачылык жолугушууларды өз ичине алат.
Иш-чарага республиканын музыкалык билим берүү мекемелеринин окутуучулары жана студенттери катышып, кесиптик тажрыйба алмашууга, жаңы чыгармачылык байланыштарды түзүүгө жана музыкалык билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.
