
Чүй облустук театры быйылкы сезонун "Жолугушчу жолдор бар" спектакли менен ачты
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры быйылкы, 34-сезонун "Жолугушчу жолдор бар" аттуу жаңы спектакль менен ачты.
Театрдан билдиришкендей, спектакль драматург Медетбек Сейталиевдин “Алыкул” пьесасынын негизинде эмгек сиңирген артист, театрдын көркөм жетекчиси Оросбек Айдаров тарабынан сахналаштырылган.
Көрүүчүлөр спектаклдын алдында фойеде белгилүү кыргыз поэти Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармалыгына арналып уюштурулган сүрөт көргөзмөсүнө күбө болушту.
Жаңы спектакль аншлаг менен өттү.