Михаил Фрунзе атындагы мемориалдык үй-музейи 100 жылдыгын белгилейт
20 октябрь

Михаил Фрунзе атындагы мемориалдык үй-музейи 100 жылдыгын белгилейт

Кыргызстандагы биринчи музей 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

Юбилейге карата Михаил Фрунзенин үй-музейи 21-октябрда “М.В.Фрунзенин музейинен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн музейине чейин” аттуу көргөзмө ачат.

Иш-чара жети негизги теманы камтыйт. Көрүүчүлөр музейдин эволюциясын — 1927-жылдагы биринчи көргөзмөлөрүнөн тартып, 1950-жылдарда илимий борборго, 1967-жылы идеологиялык институтка айланганга чейин-ки жолу менен таанышат.