Бишкек мэриясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген чет элдик конокторду тосуп алды
9 сентябрь

Бишкек мэриясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген чет элдик конокторду тосуп алды

2026-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарынын мэриясында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстанга келген чет элдик коноктор жана дүйнөлүк киноиндустриянын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Борбор калаага келген коноктордун арасында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова, Россиянын эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова, Голливуд актрисасы Bai Ling, кикбоксинг боюнча 11 жолку дүйнө чемпиону жана Голливуд актёру Don «The Dragon» Wilson, «Оскар» сыйлыгынын лауреаты, продюсер Збигнев Жмудский жана Голливуд продюсери Эрик Ялгашев бар.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек конокторду жылуу тосуп алып, борбор калаага келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди шаарыбызда көргөнүбүзгө кубанычтабыз! VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бир бөлүгү болуу үчүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген конокторду кабыл алуу биз үчүн чоң сыймык. Сиздердин келгениңиздерге чын жүрөктөн кубанычтабыз. Спорт, маданият, салт-санаа жана достук бириктирген адамдардын жолугушуусу дал ушул Бишкекте өтүп жатканы биз үчүн маанилүү. Ошондой эле Бишкекти дүйнөлүк деңгээлдеги келечектүү кино тартуучу аянтча катары да карап көрөсүздөр деп ишенебиз», — деп белгиледи Атай Муратбек.

Борбор калаанын коноктору Бишкекке жана Кыргызстанга болгон сапарынан алган таасирлери менен бөлүшүп, жылуу кабыл алуу, меймандостук жана борбор калаада болуп жаткан өзгөрүүлөрдү белгилешти. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуудагы таасирлери тууралуу айтып, өлкөдө болуп жаткан өнүгүүгө жогору баа беришти.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматова Бишкек шаарынын мэрине жана мэриянын жетекчилигине социалдык жана билим берүү багытындагы демилгелерди колдоп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал шаар жетекчилигинин мындай колдоосу коомдук мааниге ээ долбоорлорду ишке ашырууда чоң мааниге ээ экенин белгиледи.


Жолугушуунун соңунда конокторго эстелик белектер тапшырылып, сүрөткө түшүштү.