Кыргыз режиссёру Аманбек Ажыматтын “Акыркы сценарий” тасмасы фестивалга жол алды
8 октябрь

Кыргыз режиссёру Аманбек Ажыматтын “Акыркы сценарий” тасмасы фестивалга жол алды

Кыргыз режиссёру Аманбек Ажыматтын “Акыркы сценарий” аттуу дебюттук толук метраждуу тасмасы Эстониянын Таллин шаарында 2025-жылдын 7–23-ноябрында өтө турган “Tallinn Black Nights Film Festival” (PÖFF) эл аралык “А” класстагы кинофестивалынын дебюттук фильмдер программасына тандалды.

“Backstage Madness” (“Акыркы сценарий”) – чыгармачылык эркиндик менен коммерциялык талаптардын кагылышын чагылдырган, 70 жаштагы режиссёрдун ички күрөшү тууралуу фильм.

Тасма TAZAR кинокомпаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.

Tallinn Black Nights Film Festival – Түндүк Европадагы эң ири жана дүйнөдөгү “А” класстагы фестивалдардын бири. “Акыркы сценарийдин” аталган программага кириши кыргыз киносунун эл аралык деңгээлге чыгуусундагы маанилүү жетишкендик болуп саналат.