Бишкекте Кытай Эл Республикасынын күнүнө арналган иш-чара өттү
8 октябрь

Бишкекте Кытай Эл Республикасынын күнүнө арналган иш-чара өттү

Бишкектеги № 31 мектебинде Кытай Эл Республикасынын түптөлгөн күнүнө, кытай элинин жапон баскынчыларына каршы туруу согушундагы жеңишинин 80 жылдыгына арналган жолугушуу өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Ленин муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Бактыгүл Исмаилова, Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Медина Ботоканова, Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Айзат Тургумбекова ж. б. катышты.

Жолугушуунун катышуучуларынын назарына концерттик программа, ошондой эле кытай тили сабагынын фрагменти тартууланды.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү комузчулар ансамблинин аткаруусу болду. Жолугушуунун соңунда балдар конокторго кийизден жасалган жагымдуу белектерди тартуулашты.