Биринчи Май районунун тургундары 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитин кайдан көрө алышат?
5 август

Биринчи Май районунун тургундары 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитин кайдан көрө алышат?

2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин иш-чараларына карата Биринчи Май районунун аймагында атайын фан-зоналар уюштурулат. Анда борбор калаанын тургундары жана коноктору ачылыш аземин жана саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирде көрө алышат.

Фан-зоналар төмөнкү жайларда жайгашат:

Ч. Түлөбердиев атындагы парк (Кокчетав көчөсү менен Түлөбердиев көчөсүнүн кесилиши);
гандбол аянтчасы – Токтоналиев көчөсү, 62.

Ар бир аянтчага 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын түз көрсөтүү үчүн чоң LED-экрандар орнотулат.

Түз көрсөтүү башталганга чейин келген коноктор үчүн эстрада ырчылары менен чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа тартууланат. Мындан тышкары, фан-зоналардын аймагында сүрөткө түшүүчү фотозоналар, көргөзмө аянтчалары, фуд-корттор жана эс алуу жайлары иштейт. Ошондой эле каалоочулар үчүн тогуз коргоол, чүкө, беш таш сыяктуу улуттук оюндар жана башка интерактивдүү иш-чаралар уюштурулат.

Белгилей кетсек, фан-зоналардын иштөө убактысы тууралуу маалымат 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана ШКУ саммитинин өткөрүлүү датасына жакын кошумча жарыяланат.