Россиялык режиссер Никита Михалковдун «12» спектакли Бишкекте көрсөтүлөт
Россиянын эл артисти, белгилүү режиссёр Никита Михалковдун «12» аттуу спектакли Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын чоң сахнасында көрсөтүлөт. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.
Спектакль 30–31-октябрда тартууланат. Башталышы саат 19:00.
«12» — бул эркиндик, боорукердик жана кыйын абалда калган бөтөн адамга жардам берүү жөнүндөгү ойлорго арналган сахна чыгармасы.
Спектакль мыйзам менен ырайымдын ортосундагы татаал тандоону чагылдырат: мыйзам баарынан жогору, бирок кээде боорукердик андан күчтүүрөөк боло алабы?
Окуя 18 жаштагы чечен улутундагы жигит Умар тууралуу. Ал өзүнүн асырап алган атасын — орус офицерин өлтүрүүгө шектелүүдө. Бардык далилдер айыпталуучунун күнөөсүн тастыктагандай көрүнөт, ошондуктан он эки сот арачы аны күнөөлүү деп эсептешсе, бирөөсү окуянын баары анчалык жөнөкөй эмес экенин айтып, ишти кайра карап чыгууну сунуштайт.
Бул спектакль – масштабдуу коюулардын бири, ага 80ге жакын адам тартылган.
Башкы ролдордо Россиянын эл артисттери Никита Михалков, Николай Бурляев, Сергей Степанченко, Россиянын эмгек сиңирген артисти Владимир Долинский, ошондой эле Гия Перадзе, Игорь Сергеев, Сергей Радченко, Александр Ведменский, Владимир Кочетков, Александр Кижаев, Антон Ромм, Евгений Дубовской, Павел Ильин, Рамиз Кялбиев ойношот.
Финалдык бийди Москвадагы балдар ансамбли — Лаша Марыхуба жетектеген абхаз бий ансамбли «Амцабз» аткарат.
