Кыргызстан менен АКШ тарыхый-маданий мурасты сактоо маселесин талкуулады
Маданият министрлиги
2 октябрь

Кыргызстан менен АКШ тарыхый-маданий мурасты сактоо маселесин талкуулады

2026-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросунун Басма сөз жана коомдук дипломатия менен байланыштар башкармалыгынын директору Эрик Каталфамо менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин тарыхый-маданий мурас бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Жолдошев жана тарых илимдеринин доктору, белгилүү археолог Кубат Табалдиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тарыхый-маданий мурасты сактоо жана жайылтуу, археологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле музей адистери, изилдөөчүлөр жана маданий мекемелердин өкүлдөрү арасында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап АКШ өкмөтүнүн Кыргызстандагы тарыхый-маданий мурасты сактоого кошкон көп жылдык салымы үчүн ыраазычылык билдирди. АКШнын колдоосу менен Бурана мунарасын сактоо жана консервациялоо, Өзгөндөгү Караханийлер дооруна таандык күмбөздөрдү реставрациялоо, Жалал-Абад облусундагы Шах-Фазиль күмбөзүн сактоо, ошондой эле Улуттук китепкана жана Улуттук илимдер академиясынын китепканасындагы сейрек кездешүүчү басылмаларды санариптештирүү жана реставрациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылган.

Жолугушуунун алкагында Эрик Каталфамо музейдин туруктуу экспозициясы менен таанышып, кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын чагылдырган археологиялык жана этнографиялык коллекцияларды көрдү. Ошондой эле музейдин «Алтын коллекциясына» өзгөчө көңүл бурулду. Коллекциядагы экспонаттарды реставрациялоо иштери АКШнын Маданий мурастарды сактоо боюнча Элчилик фондунун (AFCP) колдоосу менен жүргүзүлгөн.

*********