Ош улуттук драма театры 54-сезонун спектаклинин премьерасы менен жыйытыктады
2026-жылдын 30-июнунда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында казак акыны жана жазуучусу Магжан Жумабаевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Күнөө» спектаклинин премьерасы болуп өтүп, театрдын 54-театралдык сезонунун расмий жабылыш аземи уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова жана маданият өкүлдөрү катышты.
Расмий коноктор театр жамаатын чыгармачылык сезондун ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктап, театрдын өнүгүшүнө кошкон салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырышты.
Атап айтканда, театр ишмерлерине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргызстан театр ишмерлер союзунун сыйлыктары ыйгарылды. Ошондой эле Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
Мындан тышкары, Кыргызстан аялдар кеңешинин төрайымы Айнура Алтыбаева тарабынан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлжамал Абдыкадыровага «Курманжан датка» төш белгиси, ал эми режиссер Назгүл Мырзакановага Ардак грамота ыйгарылды.
Көптөн күткөн «Күнөө» спектакли көрүүчүлөргө бир күндө эки жолу сунушталып, эки көрсөтүү тең аншлаг менен өттү. Спектакль театр сүйүүчүлөрүнүн жогорку баасына жана узакка созулган кол чабууларына ээ болду.
Спектаклдин режиссеру – Казакстан Республикасынын белгилүү режиссеру Баатырбек Шамбетов, ал эми сүрөтчү-коюучусу – Садыралы Ниязакунов.
Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев 54-сезондо театр тарабынан жети жаңы спектакль даярдалып, чыгармачыл курамдын кесиптик жактан өсүүсү жана актердук курамдын сапаттуу толукталышы камсыз болгонун белгиледи.
