
Россияда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт
Үстүбүздөгү жылдын 18нен 22-октябрына чейинки аралыкта Москва жана Санкт-Петербургда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Иш-чаранын алкагында бир катар маданий ири иш-чаралар өтөт.
Маданият күндөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулууда.