Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында музыкалык кече өттү
Бишкек мэриясы
4 май

Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында музыкалык кече өттү

Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында музыкалык кече өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чара борбор калаанын тургундарын жана конокторун бириктирип, жакшы майрамдык маанай тартуулады. Кечеде Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл топтору көрүүчүлөрдү кубандырды.

Кечки фонтандар өзгөчө атмосфера жаратты. Шаар тургундары музыкадан ырахаттанып, жандуу аткаруудан эргүү алышты.