Эл аралык кол өнөрчүлүк биенналесине катышуу үчүн чыгармачылык иштерди тандоо жарыяланат
14 июнь

Эл аралык кол өнөрчүлүк биенналесине катышуу үчүн чыгармачылык иштерди тандоо жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2025-жылдын 4-сентябрынан 4-ноябрына чейин Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында өтө турган Cheongju Craft Biennale көргөзмөсүнө катышуу үчүн Кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн арасында чыгармачылык иштерди тандоо жараянын баштайт.

Тандоо критерийлери жана талаптар:

  • Концептуалдуу чыгармачылык иш (ала кийиз, шырдак, панно, кийим, интерьер буюмдары ж.б.);
  • Кийиз же жүн материалдарын колдонуу;
  • Табигый түстөр же боёктор колдонулган болуусу;
  • Чыгарманын сапаттуу сүрөтү;
  • Атайын түшүндүрмө (аннотация);
  • Өлчөмү жана салмагы көрсөтүлүшү шарт.

Тапшыруу мөөнөтү: 14-июндан 25-июнга чейин, 2025-жыл.