«Илбирс. Мөңгүдөгү издер» — кыргыз тилинде улуттук мультфильм тартылды
Кыргыз тилинде «Илбирс. Мөңгүдөгү издер» аттуу улуттук мультфильм тартылды. Бул тууралуу президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан кабарлашты.
Тартуу иштери 2023-жылдын январында «CENTRAL ASIA FILM» киностудиясы тарабынан башталган.
Мультфильмдин негизги каарманы — ак илбирс, ал Кыргызстанда гана кездешүүчү сейрек жаныбарлардын бири.
Ак илбирс биздин өлкөнүн улуттук символдорунун катарына кирет жана жаратылышты сактоонун, күч-кубаттын жана эркиндиктин белгиси болуп эсептелет. Мультфильмдин сюжетинде балдарга жаратылышты коргоонун мааниси, мөңгүлөрдүн баалуулугу жана айлана-чөйрөгө кам көрүү сыяктуу темалар жөнөкөй жана түшүнүктүү формада чагылдырылган.
Жаңы мультфильмдин бет ачары үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында өткөрүлүп, иш-чарага президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Альфира Супатаева кыргыз тилинде улуттук мультфильмдердин тартылышы жаш муунду тарбиялоодо жана эне тилди жайылтууда чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
«Илбирс. Мөңгүдөгү издер» мультфильми — улуттук баалуулуктарды, кыргыз тилин жана жаратылышты сактоонун маанисин балдарга жеткирүүнү максат кылат.
Мультфильмдин режиссёру Айбек Дайырбеков, ал эми идеянын автору - Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU) коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору Толкунбек Асыкулов.
