"Манас" эпосунун негизинде жапон тилинде либретто жазылууда
12 февраль

"Манас" эпосунун негизинде жапон тилинде либретто жазылууда

"Манас" эпосунун негизинде жапон тилинде либретто жазылууда. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, академияга Япниянын Вакаяма университетинин профессору, кыргыз-жапон достугуна арналган операнын либреттосун жазып жаткан Йошихиде Аоки, Кыргыз-Жапон ишкерлер кеңешинин төрагасы, Кыргызстандын Япониядагы мурдагы элчиси Рысбек Молдогазиев жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Кыргыз-Жапон институтунун директору Дайске Такахара иш сапары менен келишти.

Конокторду академиянын президенти Назира Аалы кызы тосуп алып, мекеменин ишмердүүлүгү, жүргүзүлүп жаткан илимий жана маданий долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Манас” эпосун изилдөө, аны эл аралык деңгээлде жайылтуу жана кыргыз-жапон маданий алакаларын чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Учурда жапон тилинде “Манас” эпосуна жана кыргыз-жапон достугуна арналган операнын либреттосу жазылууда. Делегация өкүлдөрү аталган чыгарманын мазмунун тереңдетүү, тарыхый жана көркөм материалдарды тактоо багытында “Манас” улуттук академиясынын колдоосуна муктаж экенин билдиришти.

Өз кезегинде Назира Аалы кызы академия бул багытта ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтып, архивдик материалдар жана адистердин кеңеши менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Коноктор академиянын “Айкөл” студиясында болуп, жаш манасчылардын айтуусундагы “Манас” эпосун угушту. Жапон делегациясы кыргыз элинин улуу мурасына жогору баа берип, чыгармачылык кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.