Кыргызстанда Никита Михалков жетектеген «Мастерская 12» театрынын “12” спектакли көрсөтүлдү
30-октябрь Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында режиссёр Никита Сергеевич Михалковдун жетектөөсүндөгү «Мастерская 12» театрынын “12” спектакли көрсөтүлдү. Спектакль Россиянын Кыргызстандагы маданият күнүнө карата коюлду.
Бул өзгөчө маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрдин орун басасы Тимурлан Ажымалиев катышты.
Министр “Бүгүн көрсөтүлгөн «12» спектакли биз үчүн терең көркөм жана эмоционалдык тажрыйба болду. Ал ар намыс, адилеттик жана коом алдындагы жоопкерчилик тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү берди – бул темалар ар дайым маанилүү болуп, адамдарды чек арасыз бириктирет.
Кыргыз тараптын атынан «Мастерская 12» театрынын бүтүндөй жамаатына ыраазычылык билдиребиз. Эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтык мындан ары да чыңдалып, сахнада, кинодо жана элдердин жүрөгүндө жашай берет деген ишенимди билдиребиз”, – деп ыраазычылыгын билдирди.
